Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан кыз секирип кетти
RU

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан кыз секирип кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 23 жаштагы кыз үйдүн чатырынан секирип кетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, 9-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына борбор калаанын Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кыз секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери 2001-жылы туулган Р.Д. окуя болгон жерден каза болгонун аныкташкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул факты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17265