Паралимпиадага катышкан спортчуларга 500 миң сомдон тапшырылды
RU

Паралимпиадага катышкан спортчуларга 500 миң сомдон тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париждеги Жайкы Паралимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын командасы өлкөгө кайтып келишти. Аларды " Манас" эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Эдил Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын билдирди.

"Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар. Жетишкендиктериңиз үчүн сизге өлкөнүн президентинин жана Министрлер кабинетинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жеңишиңиздер өлкө үчүн сыймык жана биз мындан ары да өлкөбүздө параспорттун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзөбүз", - деди Байсалов.

Ал гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Паралимпиадалык команданын мүчөлөрү: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17271