Бишкек-Москва багытындагы поезд каттамы качан ачылары айтылды
RU

Бишкек-Москва багытындагы поезд каттамы качан ачылары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 18-декабрынан тартып Бишкек – Москва жүргүнчү поездинин каттамы калыбына келтирилет. Маалыматты "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Белгиленгендей, 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин мекеменин адистери Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышты.

Жыйынтыгында Бишкек-Москва багыты боюнча каттам декабрда калыбына келтирилмей болду.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы бул поезддин багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылганын эске салды.

2025-жылы Бишкек–Казань багыты боюнча поезд аптасына бир жолу, ал эми Бишкек–Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.

Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилерин убадалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17283