Нарында моточиркегичтер сатыкка чыкты. Баалары
RU

Нарында моточиркегичтер сатыкка чыкты. Баалары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ат-Башыда моточиркегичтер куралып, сатыкка чыкты. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Нарын мото" заводу Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алды. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.

"Нарынмото" аталышындагы айыл чарба техникасы:

  • 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат;
  • Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар;
  • Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин;
  • Моточиркегичтерди "Нарын мото" жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишимге ылайык бөлүп төлөө жолу менен да сатып алса болот.

Сатып алууну каалагандар 0707 011318 номерине кайрыла алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17289