Дайырбек Орунбеков: Кыргызстанда тик учактар ​​чыгарыла баштады
RU

Дайырбек Орунбеков: Кыргызстанда тик учактар ​​чыгарыла баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда тик учактар ​​чыгарыла баштады. Мындай кабарды президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда тик учактар ​​сыноодон өтүп, көргөзмөгө коюлду.

"Кыргызстанда чыгарылган тик учактар учурда көргөзмөгө чыгарылды. Эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт. Баасы 60 миң доллардан жогору экен. Кыска аралыкта мамлекетибизде унаалар, тик учактарды чыгарган жана башка завод-фабрикалар ачылууда", - дейт Орунбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17309