Акылбек Жапаров Россиянын "Достук" ордени менен сыйланды
RU

Акылбек Жапаров Россиянын "Достук" ордени менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын "Достук" ордени менен сыйланды. Сыйлык Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунда тапшырылды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Акылбек Жапаровго бул орден Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодогу, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды.

"Достук" орденин Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17310