Баракелде! Кыргызстан көк бөрү боюнча Казакстанды чоң эсеп менен жеңди
RU

Баракелде! Кыргызстан көк бөрү боюнча Казакстанды чоң эсеп менен жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өтүп жаткан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалда Кыргызстандын улуттук курама командасы Казакстанды 10:4 эсебинде таза жеңди.

Беттеш бүгүн, 12-сентябрда Казакстанда өттү.

Ага чейин кыргыз-казак спортчулары көкпар боюнча финалга чыгып, анда көптөгөн суроолор менен Кыргызстан Казакстанга бир упайга утулуп калган.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде биздин спортчулар күмүш медалдарын тагынаары менен чечим, нааразычылыктарын билдиришкен болчу.

Учурда Кыргызстан жалпы медалдардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Биринчиде Казакстан, экинчиде Кыргызстан, үчүнчүдө Өзбекстан.

Көк бөрүчүлөрдүн алтыны Кыргызстанды үчүнчү орундан экинчи орунга көтөрүүгө жардам берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17317