Антонина Шевченко эне болгонун жарыялады
RU

Антонина Шевченко эне болгонун жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко наристелүү болду. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Мен эне болдум! 20 жылдан кийин Шевченко мушкерлеринин кийинки мууну UFCде жеңишке жетишет. Анан дагы үй-бүлөмдөгү учкучтардын экинчи мууну!", - деп жазган Антонина.

Антонина Шевченко кыргызстандык профессионал спортчу. Ал жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченконун эжеси катары да таанымал. Антонина буга чейин UFCде жеңил салмак категориясында активдүү беттеш өткөргөн. Акыркы беттеши 2022-жылдын июль айында болуп, андан кийин учкуч карьерасына өткөн.

Аралаш мушташ боюнча карьерасында (анын ичинде UFCде) Антонина Шевченко 14 беттеш өткөрүп, он жолу жеңишке жетишкен (анын үчөө нокаут менен) жана төрт жолу жеңилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17371