Аскар Акаевдин экс макам боюнча каты келерки аптада каралышы мүмкүн
RU

Аскар Акаевдин экс макам боюнча каты келерки аптада каралышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Аскар Акаевдин экс-президент статусун калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүн келерки аптада карашы мүмкүн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, депутаттар Аскар Акаевдин катын кароону так чече элек.

"Акаев экс-президент статусун гана калыбына келтирүүнү суранып жатат, ал Убактылуу өкмөттүн токтому туура эмес болгон деп эсептейт. Азыр биз бул маселени күн тартибине киргизип карайлыбы же комитеттин атынан баш тартуу боюнча кат жөнөтөлүбү деп ойлонуп жатабыз", - деди ал.

Комитет жетекчиси бул маселени ачык кароого болорун белгиледи.

Эске салсак, буга чейин биринчи президент Акаев Акаев экс-президент макамын кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17381