Москвада мигранттардын коомдук тамактануу тармагында иштөөсүнө тыюу салуу сунушталды
RU

Москвада мигранттардын коомдук тамактануу тармагында иштөөсүнө тыюу салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2025-жылдын 1-январынан тарта Москва облусунда мигранттардын коомдук тамактануу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында патент менен иштөөсүнө чектөө киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу РБК Москва бийлигине таянуу менен билдирди.

Мындай чектөөлөрдү киргизүүнү вице-премьер-министр Наталья Масленкина сунуштаган.

"Мен мигранттардын стационардык эмес соода объектилеринде, социалдык тармактарда: спортто, жумушта, эс алууда, ошондой эле саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө жана билим берүү тармагында патент боюнча ишин чектөөнү сунуштайт элем. Анткени бул тармактагылар калк менен тыгыз иштейт, мында тилди жогорку деңгээлде билүү маанилүү", - деген ал.

Буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Россия Федерациясындагы миграциялык саясат маселелерин жөнгө салууга багытталган мыйзамдык демилгелер даярдалып жатканын билдирген. Тагыраагы, мигранттарга Россияга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салган документ тууралуу демилге.

Ошондой эле Россиядагы мигранттардын балдарын бала бакчаларда жана мектептерде бекер окутууну жокко чыгарган мыйзам долбоору сунушталары кабарланган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Sputnik Кыргызстан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17409