"Кыргызнефтегаздын" экс-жетекчиси компаниянын акцияларын арзан баада алганы аныкталды
RU

"Кыргызнефтегаздын" экс-жетекчиси компаниянын акцияларын арзан баада алганы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызнефтегаз" компаниясынын мурдагы жетекчилиги тарабынан төмөндөтүлгөн нарк менен сатып алынган акциялардын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Мамкомитет "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Б.Р.А. ишкананын 383 миң 590 даана акциясын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алгандыгы аныкталган деп билдирет.

"2019-жылы Б.Р.А. "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап, бул ишкананын активдерин жана мүлктөрүн орусиялык "Газпром" ААКсына сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алып, аффилирленген жактарына каттаткан", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Р.А. өз ыктыяры менен "Кыргызнефтегаз" ААКнын аффилирленген жактарына таризделген жалпы суммасы 65 млн 615 миң 400 сомду түзгөн акцияларын мамлекетке өткөрүп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17410