Өлкөдөн алтын куймаларын ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду
RU

Өлкөдөн алтын куймаларын ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан алтын куймаларын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду. Мамкомитеттин маалыматына караганда, алтындын баасы 30 млн сомдон ашат.

17-сентябрда Казакстандын аймагына бараткан "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү пунктунда "Лексус 470" үлгүсүндөгү унаа кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.

Учурда тергөө иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уюштурулууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17415