Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти
RU

Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда Нью-Йоркко (Америка Кошмо Штаттары) жөнөп кетти. Пиезиденттин администрациясынан кабарлашкандай, өлкө башчы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Келечек Саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Расмий делегациянын курамы:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
  • президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков;
  • Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17422