Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 62-орунда турат
RU

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 62-орунда турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ookla компаниясы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө интернеттин ылдамдыгын изилдеп, Speedtest эталонунун жыйынтыгына ылайык рейтинг түзгөн. Бул тизмеге Кыргызстан да кирет.

Мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан орточо эсеп менен 42,82 Мбит/сек менен 62-орунга чыкты. Өткөн айга салыштырмалуу Кыргызстан өз позициясын сактап калды.

Стационардык интернеттин ылдамдыгы боюнча абал бир аз жакшырды – өлкө 65,44 Мбит/сек менен 83-орунда.

Мобилдик жана кең тилкелүү туташуунун ылдамдыгы тууралуу маалымат ай сайын жаңыртылып турат.

Йеменде мобилдик интернеттин ылдамдыгы эң төмөн, Бириккек Араб Эмираттарында эң жогору болуп аныктылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17435