Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөргө каршы рейд жүрүүдү
379
Бишкектин Свердлов районунда кыймылдуу мүлк салыгын толук жыйноону камсыз кылуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 4-топтогу мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу муниципалдык администрация Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Кайгуул башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражаттарына салык төлөбөгөн адамдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүздү.
Натыйжада айып пул салуу үчүн 5 акт түзүлдү.Белгилей кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2024-жылдын 1-сентябрында аяктаган. Транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкандар үчүн айып пулдар: жеке жактар үчүн - 1000 сом, юридикалык жактар үчүн - 5000 сом.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/17440