Telegram колдонуучулардын маалыматтарын бийликтин талабы болсо ачыктайт
RU

Telegram колдонуучулардын маалыматтарын бийликтин талабы болсо ачыктайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү Павел Дуров платформанын эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн каналына жазды.

"Кылмышкерлердин кыянаттык менен пайдалануусуна жол бербөө үчүн биз тейлөө шарттарын жана купуялык саясатыбызды жаңыртып, алардын дүйнө жүзү боюнча ырааттуу болушун камсыз кылдык. Эрежелерибизди бузгандардын IP даректери жана телефон номерлери жүйөлүү юридикалык суроо-талаптарга жооп катары тиешелүү органдарга ачыкталышы мүмкүн экенин түшүндүрдүк", - деген Павел Дуров.

Telegramдын негиздөөчүсүнүн айтымында, бул чаралар "платформанын бүтүндүгүнө доо кетирген" кылмышкерлерди токтотуу үчүн көрүлүүдө.

Telegram боюнча иликтөө Франциянын атайын кызматы өткөн айда Павел Дуровду камакка алгандан кийин башталган.

Ал мессенджерде экстремисттик жана мыйзамсыз мазмундун жайылышын болтурбоо боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн бир нече беренелер боюнча айыпталган.

28-августта Дуров Париждеги камактан 5 миллион евро күрөө менен бошотулуп, Франциядан чыгууга тыюу салынган.

Кийинчерээк ал укук коргоо органдары менен иштешүүгө макул болуп, аларга Telegram колдонуучуларынын өздүгүн аныктоого мүмкүн болгон маалыматтарды бере баштаганы белгилүү болгон. Ошондой эле Павел Дуровдун бир тууганы көрсөтмө берүү үчүн Францияга келүүгө мажбурланып жатканы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17450