Гүлшат Асылбаева жаңы кызматка дайындалды
RU

Гүлшат Асылбаева жаңы кызматка дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мурдагы депутаты, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын экс-төрагасы Гүлшат Асылбаева жаңы кызматка дайындалды. Маалыматты Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ага ылайык, Гүлшат Асылбаева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, экономика жана коммерция министринин орун басары болду.

Белгилесек, Гүлшат Асылбаева жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо боюнча чуулгандуу мыйзам долбоорун демилгелеген (фейктерге каршы мыйзам же Гүлшат Асылбаева мыйзамы деген аталыш менен белгилүү).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17457