Жаңы алынган учак алдын ала даярдыктан өтүү үчүн "Талас" аэропортуна конду
RU

Жаңы алынган учак алдын ала даярдыктан өтүү үчүн "Талас" аэропортуна конду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички каттамдарга алынган Dash 8 Q-400 учагы алдын ала даярдык көрүү үчүн "Талас" аймактык аэропортуна конду. Бул туурасында бүгүн, 24-сентябрда Талас шаардык мэриясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, аэродромдун учак кабыл алуу даярдыгы, аэробекеттин тейлөө кызматтары жана башка зарыл болгон бардык кызматтар боюнча жалпы техникалык даярдык текшерилди.

Буга чейин "Манас" аэропортунун эсебинен Талас, Каракол, Казарман, Кербен, Нарын аймактык аэропорттору реконструкцияланып, ички авиакаттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бүгүнкү күндө "Асман" авиакомпаниясы Талас, Нарын жана Каракол шаарларына аба каттамдарды ачууга кызуу даярдык көрүүдө.

Белгилей кетсек, жаңы алынган Канаданын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү 2 миң чакырымга чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17459