Менчиктештирилип, үчүнчү жакка сатылып кеткен тоо-лыжа базасы мамлекетке өттү
RU

Менчиктештирилип, үчүнчү жакка сатылып кеткен тоо-лыжа базасы мамлекетке өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусундагы "Кызыл-Белес" тоо-лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. УКМКдан кабарлашкандай, аталган база жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо-лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өтүп, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен наркы 50 млн сомдон ашкан жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17465