Бишкекте түнкү клуб жайгашкан имарат мамлекетке өттү
RU

Бишкекте түнкү клуб жайгашкан имарат мамлекетке өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы тарыхый эстеликтерге тиешелүү объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлдү. УКМКдан кабарлашкандай, мүлктүн баасы 317 млн 106 миң сом же 3 млн 750 миң долларды түзөт.

"Советтер Союзу кулагандан кийин менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда "Тунгуч" жаштар драма театры жайгашкан имарат ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен "Т.П.Ц.Т." ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Ошондой эле бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.

УКМКдан белгилешкендей, мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжасында 23-сентябрда уюштуруучу жана ээси катары Ч.В.С. "Т.П.Ц.Т" ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди.

Учурда УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү кайтарууга багытталган тиешелүү иштер уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17467