Капталдан чыгып тажатты беле? Бишкекте 300дөй мотоцикл айып короосуна токтотулду
RU

Капталдан чыгып тажатты беле? Бишкекте 300дөй мотоцикл айып короосуна токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө аймагында 11-22-сентябрга чейинки рейддик иш-чара өткөрүлүп, жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, иш-чара мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлгөн.

Эреже бузуулардын ичинен:

  • 243 мото айдоочуда тийиштүү докумменттери жок болгон;
  • 521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;
  • 2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган;
  • 985 мото айдоочу туура эмес тилкелерде айдашкан;
  • 166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.

Ошондой эле тийиштүү докумменттери жок 272 мототранспорт каражаты айып короо жайына токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17469