Жалал-Абадда тергөөдөн өтүп жаткан адам ур-токмокко алынганы аныкталды
RU

Жалал-Абадда тергөөдөн өтүп жаткан адам ур-токмокко алынганы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемеде текшерүү жүргүзүлүп, тергөөдөн өтүп жаткан жаран кыйноого алынганы такталды. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор кабарлайт.

Маалыматка караганда, Улуттук борбор кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу максатында 18-сентябрда №53 жаза аткаруу мекемесинде текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Анын алкагында Е.С. аттуу жаран Ала-Бука РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы аныкталган.

Улуттук борбор тарабынан кыйноо фактысы боюнча медициналык кароо формасы (Стамбул протоколу) толтурулуп, материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17470