Эркин Мамбеталиевдин 5 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өттү. Тизме
RU

Эркин Мамбеталиевдин 5 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өттү. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Эркин Мамбеталиевдин наркы 5 миллион доллардан ашкан мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Мамкомитеттен кабарлашкандай, Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан мүлктөрү мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Тактап айтканда:

  • Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан "Эдельвейс" эс алуу борбору;
  • Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир;
  • Lexus LX 570 жана Dodge RAM маркасындагы эки унаа;
  • гидроцикл, квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.

Жогоруда аталган мүлктөр 5 млн 716 миң 307 доллар же 489 млн 886 миң сомго бааланган.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17474