Үлүшчүлөр арызданган. Милиция экс-депутат Эмилбек Жусуповду кармады
RU

Үлүшчүлөр арызданган. Милиция экс-депутат Эмилбек Жусуповду кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте милиция кызматкерлери курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсүн жана башкы директорун кармады. Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришкендей, кармалган жаран Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Эмаком" курулуш компаниясынын экс-башкы директору Эмилбек Жусупов.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына курулуш компаниясынын мурдагы ээси жана башкы директору Э.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен жарандар кайрылган.

"Ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып, үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген", - дешет башкармалыктан.

Аталган факты боюнча 209-берене (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1991-жылы туулган Э.Ж. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17475