Ташиев СИЗОдо отурган бажасы тууралуу: "Менин атымдан туура эмес иштерди кылган"
RU

Ташиев СИЗОдо отурган бажасы тууралуу: "Менин атымдан туура эмес иштерди кылган"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев алдамчылык фактысы боюнча кармалган бажасы дагы деле СИЗОдо отурганын айтты. Бул тууралуу ал УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга берүү иш-чарасында билдирди.

"Бүгүнкү күндө УКМКнын СИЗОсунда менин бир тууган бажам отурат - менин жубайымдын бир тууган эжесинин күйөөсү. Ал дагы чоң кызматтарда иштеп жүргөн эле киши, милициянын полковниги. Бирок алдамчылык кылып, менин атымдан туура эмес иштерди кылган экен. Мына эми 3 айдан бери СИЗОдо отурат. Кимди алдаган болсо ошолорго акчасын төлөп берет, андан кийин мыйзамдуу жазасын алып бошотулат", - деди Ташиев.

Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин бажасы июль айында УКМК тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17476