Садыр Жапаров бийликтин даамы тууралуу айтты
RU

Садыр Жапаров бийликтин даамы тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, анда бийликтин даамы тууралуу айтты. Өлкө башчы жоопкерчиликтен улам бийликтин таттуулугун сезбегенин деле айтат.

"Себеби мамлекет менен жалпы элдин тагдыры сенин мойнуңда болгондо сен деле сезмек эмессиң. Анткени күнү-түнү дебей ойлонуп чыгасың. Уйку жок. Ар бир ички жана тышкы саясатта жүрүп жаткан иштерге 24 саат бою сарсанаа болосуң.

Эгер мурдагыдай жоопкерчилиги жок системада башчы болуп олтурсам анда балким бийликтин таттуулугу сезилмек. Себеби, эч нерсеге жооп бербейсиң. Жыргап жүрө бересиң. Жакшы иштер жасалса президент өзүнө ыйгарып, жаман иштер болсо өкмөт менен парламентке түртө салчу. Президент көшөгөнүн артында олтурчу. Ошентип көшөгө артында олтуруп алып 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырышпадыбы. Мамлекет алдыга жылбай бир орунда токтоп тургандын себеби да ушунда болду", - дейт.

Садыр Жапаровдун айтымында, учурдагы система таптакыр башка. Президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда.

"Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет. "Көп суур ийин казбайт" дегендей жоопкерчилик бир кишинин мойнунда болбосо болбойт экен. Анархия болуп мамлекетибиз чачырап кете жаздады.

Албетте өкмөт менен парламенттин, сот менен прокуратуранын да өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликтери бар. Ар бири өз иштери үчүн мыйзам чегинде керт баштары менен жооп берет.

Эми саясатты артка таштап, экономиканы алдыга жылдыруу менен элдин жашоосун жакшыртууга жан үрөйлү. 30 жыл саясатташып жүрүп эч бир жакшылык тапкан жокпуз. Бир эле мисал келтирсем кошуна Кытай мамлекетинен технология жагынан алганда 100 жылга артта калыптырбыз. Эми ошону кыска убакытта, 20-30 жылда кубалап жетели", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17479