Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого кетчү чыгым эсептелди
RU

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого кетчү чыгым эсептелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.

Жалпы чыгымдардын суммасы 495 млн 718,4 миң сомду түздү. Бул каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:

  • 201 млн 880,6 миң сом – шайлоону уюштурууга, маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кеылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ ж.б. борборлоштурулган чыгашалар
  • 293 млн 837,8 миң сом - 56 аймактык шайлоо комиссияларынын жана 2439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн 56 аймактык шайлоо комиссияларына – 674 адам, 2439 участкалык комиссияларга – 30715 адам, АЭУ операторлору – 1031 адам, техникалык колдоо топторунун адистери – 600 адам, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ИИМден - 4490 адам тартылат.

2024-жылдын 23-сентябрына карата алдын ала маалыматтар боюнча республикада 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120,46 сомду түздү.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо административдик-аймактык реформага байланыштуу өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17480