Саламаттыкты сактоо министрлиги БУУнун беделдүү сыйлыгына ээ болду
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги БУУнун беделдүү сыйлыгына ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн БУУнун беделдүү сыйлыгына ээ болду. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

25-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 2024-жыл үчүн БУУнун Жугуштуу эмес ооруларды (ЖЭО) алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун беделдүү сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык жыйынга катышкан саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулуна тапшырылды.

"Бул сыйлык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес, жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуу үчүн күн сайын эмгектенип жаткан бардык адамдардын эмгегин баалоо экенин белгилейбиз. Мындан ары да калк саламаттыгына кам көрүү боюнча аракеттерибизди улуттук жана глобалдык деңгээлде улантабыз", - дешет ведомстводон.

Министрлик саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17482