"Асман Эйрлайнс" учагы Бишкек-Ош багыты боюнча ийгиликтүү каттам жасады
RU

"Асман Эйрлайнс" учагы Бишкек-Ош багыты боюнча ийгиликтүү каттам жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 27-сентябрда Бишкек–Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү учуп кетти.

"Манас" аэропортунан кабарлашкандай, билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат:

  • супер эконом - 4000 сом
  • толук эконом - 4500 сом
  • флекс эконом - 5000 сом

Каттамдар

  • Ош шаарына - 27-сентябрдан баштап
  • Жалал-Абад шаарына - 28-сентябрдан баштап
  • Баткенге - 3-октябрдан баштап аткарылат

"Жүргүнчүлөр көп болуп, авиабилеттерге болгон суроо-талап өскөнүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулду", - дешет аэропорттон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17495