Аялын сабаган мурдагы аскер кызматкерине кылмыш иши козголду
RU

Аялын сабаган мурдагы аскер кызматкерине кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин шаарындагы ооруканада үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял оор абалда жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирип, акыйкатчыга, башкы прокурорго жана ички иштер министрине кайрылды.

Айтымында, сабалган келин 28 жашта. 1, 2 жана 6 жаштагы 3 кызы бар. Күйөөсү С.Б. мурунку аскер кызматкери.

"21-сентябрда келинди күйөөсү башкача ыкма менен сабаптыр. Колуна сүлгү ороп алып бети-башына катуу сокку урган. Соккунун кесепетинен келиндин тиштери талкаланып, көзүнүн чанак сөөктөрү сынып кеткен, баш мээси катуу чайкалган. Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келиндин күйөөсүн кармашып, бирок 3 сааттан кийин эркиндикке коё беришиптир. Себебин "бул үй-бүлөлүк чыр-чатак, өздөрү келишип алышсын" деп түшүндүрүшүптүр", - деген укук коргоочу.

Кийинчерээк Чүй ОИИББден бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

21-сентябрда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө күйөөсү аялын сабап жатат деген билдирүү түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган.

"Тергөө тобу жерине барганда 1996-жылы туулган келин 1994-жылы туулган жолдошу А.Бга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Ал жолдошу ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирип, системалуу түрдө сабап жүргөнүн айткан. Ошол эле күнү келин Улуттук госпиталга кайрылып, баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган", - дешет милициядан.

Аталган окуянын негизинде бүгүн, 28-сентябрда "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү тергөө ииштери жүргүзүлүп жатканын айтышты башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17505