Судья кан тамыры кесилген абалда ооруканага түштү
RU

Судья кан тамыры кесилген абалда ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук сотунун судьяларынын бири өз жанын кыюуга аракет кылды. Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиргендей, судья кан тамырын кескен.

Бул маалыматты редакцияга Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгери Атабек Жумалиев да тастыктады. Анын айтымында, бүгүн, 30-сентябрда саат 07:50дө "Тез жардам" кызматы аркылуу бейтап ооруканага түшүп, дароо операция жасалган.

Учурда судья реанимацияда, абалы орто деп бааланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17525