Green Card үчүн арыздарды кабыл алуу ушул аптада башталат
RU

Green Card үчүн арыздарды кабыл алуу ушул аптада башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Green Card DV 2026 иммиграция лотереясына арыздарды кабыл алуу 2-октябрда башталат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин сайтында айтылат.

Арыздарды каттоо программанын сайтында 2-октябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт. Лотереянын жыйынтыгы 2025-жылдын 3-майында чыгарылат.

Green Card утуп алуу АКШ визасына кепилдик бербейт, ал виза алуу үчүн документтерди тапшырууга гана укук берет. Талапкерлер документтерди чогултуп, медициналык текшерүүдөн өтүп, консулдук жыйымдарды төлөп, андан соң АКШ консулдугунда маектешүүдөн өтүшү керек. Эгер чечим оң болсо, Green Card үчүн комиссия төлөшүңүз керек болот.

Белгилей кетсек, жыл сайын АКШга кетүүнү каалаган кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Эгерде 2023-жылы лотереяга 27 миң кыргызстандык катышса, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын 133 миң жараны Green Card алууга арыз берген. АКШнын Мамлекеттик департаменти 2022-2024-жылдарга карата маалыматтарды жарыялай элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17532