"Ачык-чачык сүрөтүңдү жарыялайм" деп таанышын шантаж кылганга шектүү кармалды
RU

"Ачык-чачык сүрөтүңдү жарыялайм" деп таанышын шантаж кылганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта 33 жаштагы келин шантаж кылып, жарандан 100 миң сом талап кылган деген шек менен кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Такталгандай,1972-жылы туулган Сузак районунун А.Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 21-сентябрда Роза аттуу таанышы жылаңач сүрөттөрүн интернет булактарына жарыялайм деп коркутуп, 100 миң сом талап кылгандыгын айткан.

Маалымат Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну А.С. Бишкек-Ош жолунда арыздануучудан 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине 208-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17533