Камсыздандыруу фонду: Пенсиянын минималдуу өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт
RU

Камсыздандыруу фонду: Пенсиянын минималдуу өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлдү. Мамлекеттик камсыздандыруу фондунан жогорулатуулар боюнча түшүндүрмө беришти.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, жалпы суммасы пенсионердин жашоо минимумунан же 6900 сомдон төмөн болгон пенсиялар үчүн пенсиянын базалык бөлүгүнө индексация жүргүзүлөт.

"Эми пенсиянын минималдуу өлчөмү 6900 сомдон кем бобойт. Ал эми жашоо минимумунан жогору пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес көбөйтүлөт.

Пенсиянын жогорулашы жалпысынан 787 миң 500 адамга таасирин тийгизет. Бул үчүн 2024-жылдын 3 айына кошумча 3 млрд 927 миллион сом талап кылынат. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, ал эми 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат", - дешти фонддон.

Буга чейин 2021-жылы жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 миң (пенсионерлердин жалпы санынын 49%) болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 306 миң (40%) чейин төмөндөгөн.

Эске салсак, пенсияны жогорулатуунун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда жүргүзүлүп, эң төмөнкү пенсия 3500 сомго чейин көбөйгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17535