Түркиялык авиакомпания Кыргызстандан Кытайга айыл чарба товарларын ташыйт
RU

Түркиялык авиакомпания Кыргызстандан Кытайга айыл чарба товарларын ташыйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын айыл чарба товарлары эми Шанхайга Turkish Airlines авиакомпаниясынын учактары менен ташылат. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашып, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү экспорттук потенциалды көтөрүүгө салым кошууга чакырды.

Белгиленгендей, 2024-жылдын июль айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түрк элчилигинин жана Turkish Airlines компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Анда Бишкектен Кытайдын Шанхай шаарына айыл чарба товарларын ташуу боюнча макулдашууга кол коюуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

"Кытайга айыл чарба товарларын (жүктөрдү) аптасына 300 тоннага чейин ташуу маселеси көтөрүлүп, товарлардын 1 килограмм баасын 6-7 доллардан 1,5 долларга төмөндөтүү каралган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде 2024-жылдын сентябрь айында жогорудагы макулдашууга кол коюлгандыгын билдиребиз", - дешет министрликтен.

Ведомстводон бул кызматташтыктын максаты - айыл чарба товарларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу деп белгилейт. Буга байланыштуу министрлик ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспортёрлорду айыл чарбасын активдүү өнүктүрүүгө, республиканын экспорттук потенциалын көтөрүүгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17537