Октябрь айында аялдар айрым ооруларга акысыз текшерилип, кеңештерди ала алышат
RU

Октябрь айында аялдар айрым ооруларга акысыз текшерилип, кеңештерди ала алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы башталганын кабарлады. Акысыз текшерилүү октябрь айынын аягына чейин уланат.

Бир айлыктын максаты – 18 жаштан жогорку аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине кайрылууга үндөө.

Октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына, кант диабетине чалдыгуу коркунучтары бар-жогун аныктап, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. Бул үчүн айымдар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрылышы керек.

Министрликтен белгилешкендей, жугуштуу эмес оорулар, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети Кыргызстандагы аялдар арасында кеңири таралган. Өткөн жылы октябрь айында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 400 миңден ашуун аял алдын алуу текшерүүдөн өтүп, алардын ичинен 103 миңден ашууну (26%) жогорку тобокелдикке киргендер катары катталган.

Ошондой эле акыркы төрт жылдын ичинде кант диабети, гипертония, эмчек безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында рак ооруларынын негизги өлүм себептеринин бири бойдон калууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17544