Тазабек Икрамовдун ордуна шайланган депутат ант берди
RU

Тазабек Икрамовдун ордуна шайланган депутат ант берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы шайланган депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди.

Жаңы депутат "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын курамына кирди.

Белгилей кетсек, Алтынбек Кылычбаев экс-депутат Тазабек Икрамов шайланган №13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан депутат болду.

Тазабек Икрамов 2021-жылы №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2024-жылдын 17-июлунда Икрамов УКМКга суракка чакыртылып, кийинчерээк депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшырганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17545