Садыр Жапаров Кыргызстанда канча миллионер жана миллиардер бар экенин ачыктады
RU

Садыр Жапаров Кыргызстанда канча миллионер жана миллиардер бар экенин ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 200дөн ашык миллонер жана миллиардер бар. Мындай маалыматты Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде ачыктады.

"Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар. Көпчүлүгү акчаларын офшорлордо сакташат. Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.

Мен аларга "коркпой алып келгиле, өлкөдөгү долбоорлорго катышкыла" деп айтар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз", - дейт мамлекет башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17547