Садыр Жапаров жол салып жатканы үчүн Тай-Мураска ыраазы болуш керек дейт
RU

Садыр Жапаров жол салып жатканы үчүн Тай-Мураска ыраазы болуш керек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөндөгү айланма жолду мамлекет менен бирге эки жеке менчик компания куруп жатканы, ал компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас турары кабарланды. Садыр Жапаров бул маалымат боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берди.

Президенттин айтымында, жол салганы үчүн Тай-Мурас Ташиевге ыраазы болуш керек.

"Ал жолду куруп баштар алдында өкмөт менен канча акча кетет, ал акчаны кайдан табабыз, канча убакытта өзүн актайт жана башка маселелерди көпкө кеңештик.

Эгер, биз мамлекеттин акчасын салсак ондогон жылда өзүн актайт экен. Мамлекеттин акчасын мындай узак долбоорлорго салып салсак туура эмес. Мамлекеттин акчасын өзүн тез-тез актай турган долбоорлорго салып, натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Бир дагы компания же жеке жактар "жолду мен салам" деп келген жок. Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт.

Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Тай-Мураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды, инвесторду таап келип салып жатканына ыраазы болушубуз керек.

Тай-Мурас, эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да", - дейт президент.

Садыр Жапаров Өзгөн айланма жолун эле эмес, өлкө боюнча бир топ жолдорду жеке менчик жактарга бергенге даяр экенин кошумчалады. Эгерде жол салам дегендер болсо бүгүн деле бергенге даярдыгын белгилеп, курула турган жолдорду тизмектеди.

  • Суусамыр – Арал Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 чакырым;
  • Алматы – Кемин – Ысык-Көл – 150 чакырым;
  • Бишкек – Кемин айланма жолу – 105 чакырым;
  • Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгуу менен пландалган Алматы – Узынагаш – Каракастек – Сураншы-Баатыр – Кастек – Карасай-Баатыр автомобиль жолу - 88,4чакырым;
  • Ош шаарынын айланма жолу – 35 чакырым;
  • Ноокатта 12 чакырым жол.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17549