Монополияга каршы мамлекеттик кызмат эттин учурдагы баасын айтты
RU

Монополияга каршы мамлекеттик кызмат эттин учурдагы баасын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттик эт рыногунда бааны турукташтыруу боюнча ыкчам чараларды көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда "Биринчи радионун" эфиринде мекеменин өкүлү Оксана Горьянова билдирди.

"Учурда Кыргызстанда уй эти орточо эсеп менен килограммы 564 сомдон сатылып жатат, ал эми койдун этинин баасы 573 сомдон болууда. Эттин дүң баалары да арзандады. Кечээки мониторинг эттин минималдуу баасы килограммына 420 сом, орточо эсеп менен 450 сом, эң жогорку баасы 550 сом экенин көрсөттү", - деди ал.

Белгилей кетсек, сентябрдын башында базарларда уй этинин баасы орто эсеп менен 1 килограммы 650 сомго, дүкөндөрдө 680 сомго чейин көтөрүлгөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17551