Нурланбек Шакиев: "Мыйзам чийки болсо же баяндамачылар тантыраса кабыл албайбыз"
RU

Нурланбек Шакиев: "Мыйзам чийки болсо же баяндамачылар тантыраса кабыл албайбыз"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Спикер мыйзам чийки болсо же аны баяндамачылар түшүндүрүп бере албаса кабыл албай турганын айтты.

"Жогорку Кеңеш учур талабына, шарт-жагдайга ылайык Министрлер кабинети тарабынан сунушталган керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө колдоп берип келдик. Кабыл алынган мыйзамдар өнүгүүгө өбөлгө түзүп, президент жана Министрлер кабинети өзү да белгилегендей, мамлекетибизде бир топ жылыштар болгону анык.

Мындан ары демилгеленген мыйзам долбоорлоруна карата көзөмөл күчөтүлөт. Эгер мыйзам чийки болсо же аны баяндамачылар айтып бере албай, тантырап олтурса кабыл албайбыз.

Андыктан, Министрлер кабинети мыйзам чыгаруу ишине жана парламентке карата мамилени өзгөртүшү керек", – деди Шакиев.

Ошондой эле төрага Жогорку Кеңеш өлкөдөгү туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өзгөчө салым кошконун белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17560