"Төраганын кеңешчиси" деген жасалма күбөлүктү пайдаланып, алдамчылык кылган жаран кармалды
RU

"Төраганын кеңешчиси" деген жасалма күбөлүктү пайдаланып, алдамчылык кылган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн милициясы жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен алектенген деген жарандарды кармады. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, шектүүлөр жалпысынан 41 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен.

Такталгандай, 29-апрелде Аламүдүн РИИБне 1990-жылы туулган С.М. кайрылган. Айтымында, Б.С. жана А.А. аттуу жарандар 2023-жылдын март айында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жер тилкесин көрсөтүп, ал жерге көп кабаттуу үй курууга макулдашкан. Апрель айында Б.С. жана А.А. жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, жер тилкесине тиешелүү документтерди бүтүрүүгө жардам берүүнү убадалашып, С.М`нын кымбат баалуу унааларына ишеним кат жаздырып алышкан. Бирок жер тилкесинин документтери бүтүрбөй, алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны алып, изин жашырышкан.

Мындан тышкары Д.М. атту жаран милицияга кайрылып, Б.С. жана А.А. аттуу жарандар анын 380 миң доллар акчасын алдамчылык жолу менен алып койгондугун билдирген.

Жогоруудагы Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын алдамчылык кылмыш аракеттери менен С.М. жана Д.М. аттуу жарандарга жалпы 41 млн 277 миң 310 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы туулган А.А. жана 1967-жылы туулган Б.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тинтүү учурунда кармалгандардын унаасынан А.А. аттуу жарандын атына жазылган УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү табылган.

Милиция жогорудагы жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар болсо 0312 430127 номерине кабар берип коюуну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17571