Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы менен адистери кармалды
RU

Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы менен адистери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул туурасында УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Мамкомитеттен билдиргендей, Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан акча каражаттарын системалуу түрдө алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"Бөлүм жетекчи К.А.С. жана анын жакын туугандарынын алдын ала суммасы 2 миллион доллардан ашык мүлкү бар. Бул сумма директордун ооруканадагы ишмердигинен алынган реалдуу кирешеге дал келбейт, анын жылдык маянасы 400 миңди түзөт", - дешет комитеттен.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди жана мыйзамсыз аракеттерди аныктоо иштери уланууда. Жогоруда кармалган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо УКМКга кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17574