Садыр Жапаров билим берүү тармагынын кызматкерлерин куттуктады
RU

Садыр Жапаров билим берүү тармагынын кызматкерлерин куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун бүгүн, 5-октябрда мугалимдерди жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоону президенттин администрациясы жарыялады.

"Урматтуу агай-эжейлер! Билим берүү тармагынын кымбаттуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Эң алды өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого чексиз салым кошуп келаткан жалпы педагогикалык жамаатка өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Билим сапаты мугалимдин деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Сингапур, Финляндия, Эстония, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөр дал ушул билим берүүгө, анын ичинде мугалимдерге өзгөчө көңүл буруунун натыйжасында жеткенин жакшы билебиз", - дейт ал.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда билим берүү тутумун өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын алкагында билим берүүгө болгон суроо-талапты камсыз кылуу, балдардын билим алуусун жакшыртуу жана мугалимдерге тиешелүү шарттарды түзүү үчүн чоң-чоң аракеттер жасалууда.

"Мектеп жетишсиздиги, окуу китептери одоно каталар менен басылып чыккан көйгөйлөр бара-бара жоюлуп, окутуунун заманбап ыкмаларын пайдаланууга басым жасалып, сандан сапатка өтүп баратабыз. Соңку жылдары, айрыкча, быйыл Кыргызстандын окуучулары жана студенттери эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга байма-бай катышып, байгелүү орундарды ээлеп келаткандыгы буга күбө. Өлкөнүн билим берүү сапатынын жогорулашынын мындай көрсөткүчү – албетте, эң ириде мугалимдин эмгеги!

Биз, буюрса, алгылыктуу билим берүү системасын түптөө менен, мугалимдик кесипти жашоодо карьера катары тандоого түрткөн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз.

Ошондо гана өлкөбүздө мугалимдер берилүү менен иштейт, натыйжа чыгарат, ийгилик жаратат. Азыркы учурда кесипкөй, өз ишин мыкты билген мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалагандар жыл өткөн сайын артып барат. Буюрса, мугалимдин коомдогу кадыр-баркы дагы көтөрүлөт.

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш каалайм. Бүгүнкү майрам күнүндө эле эмес, ар күнү кучагыңыздар гүлгө, жүрөгүңүздөр кубанычка толсун!", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17580