Муфтият: Медреседеги чырдан каза тапкан бала дем салдырууга келген
RU

Муфтият: Медреседеги чырдан каза тапкан бала дем салдырууга келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда мечиттеги чырдан улам каза тапкан 14 жаштагы өспүрүмдүн окуясын иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Бул туурасында Муфтияттан Kaktus.kg сайтына билдирди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 14 жаштагы өспүрүм дем салдырууга келген.

"Өспүрүмдү 3 күнгө дем салдырууга калтырып кетиптир. Ал эми кол салган бала медреседе таалим алып жаткан. Учурда бул окуя боюнча ар кандай версиялар айтылып жатат. Жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, ички иликтөө иштери башталды. Анын жыйынтыгы менен бөлүшөбүз", - дешти Муфтияттан.

Белгилесек, 6-октябрда Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 2008-жылы туулган М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам 2010-жылы туулган Ш.Фны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жабыркаган өспүрүм ооруканага жетпей каза болгон. Ош ОИИБи тарабынан 122-берене (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталганы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17599