Оң рулдуу унааларды такси кызматына колдонууга тыюу салуу каралууда
RU

Оң рулдуу унааларды такси кызматына колдонууга тыюу салуу каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов 1998-жылы таксисттерге лицензия алуу керек деген норма кабыл алынган, бирок 2009-жылы жокко чыгарылып, таксисттер патент менен иштей башташкан. 2018-жылы 69 миң патент берилген болсо, 2023-жылы 28 миң гана патент берилген.

Министрдин орун басары таксисттердин ишин эч ким көзөмөлдөбөгөнүн, Мамлекеттик салык кызматы салыктын түшүүсүнө гана жооптуу экенин, буга байланыштуу мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгиледи.

"Бишкекте эле такси кызматында 24 миң унаа колдонулса, алардын көбү ыктыярдуу патентсиз иштешет", - деди Бийбосунов.

Мыйзам долбооруна ылайык, айдоочуларга лицензия алуудан тышкары да талаптар бар:

  • айдоо тажрыйбасы (кеминде үч жыл);
  • машинанын техникалык абалы;
  • линияга чыгаар алдында медициналык текшерүүдөн өтүү.

Лицензиянын алдын ала баасы патент алуу деңгээлинде болот - 500-600 сом. Лицензия бир жылга берилет.

Депутат Таалайбек Сарыбашов оң рулдуу унаалардын айдоочуларына лицензия берилеби деп кызыкты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов 180 миңден ашык оң рулдуу унаалар такси кызматында катталганын, бирок алардын канчасы бул жаатта иштегени белгисиз экенин айтты.

"Аларга лицензия берилбейт. 2024-жылы 910 оң рулдуу унаалар жол кырсыгына кабылып, 56 адам каза болуп, 1420 адам жабыркаган. Жол кырсыктары дал ошол оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатат", - деди ал.

Дастан Бекешев мыйзам долбоору кабыл алынса, оң рулдуу унаасы бар жарандардын айрымдары жумушсуз каларын белгиледи.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басарынын айтымында, таксисттердин көбү унааларды ижарага алып иштейт, андыктан аларда сол рулдуу унааларды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Бекешев оң рулдуу унаалардын ээлери дагы бар экенин айтып, мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн алты айга жылдырууну суранды. Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет долбоорду биринчи окууда жактырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17605