Бишкекте накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүү сунушталды
RU

Бишкекте накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнү сунуштоодо. Тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору муниципалитеттин расмий баракчасында жарыяланды.

Учурда муниципалдык автобустар менен троллейбустарда жол кире накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сомһ. Накталай жана накталай эмес төлөмдүн айырмасы 3 сомду түзөт.

Мындай сунуш калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга үндөө, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз, сапаттуу ташуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, ошондой эле эксплуатациялык чыгымдарды эске алуу менен киргизилүүдө.

Мындан тышкары белгилүү бир убакытта бир нече жолу транспорт которгондорго жол кирени бир жолу төлөөгө мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландалууда.

Эске салсак, Бишкектеги коомдук транспорттордо жол кире акысы 2024-жылдын январында көтөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17610