Медреседеги каргаша. Оштогу диний окуу жайларга камера коюу тапшырылды
RU

Медреседеги каргаша. Оштогу диний окуу жайларга камера коюу тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокаттагы медресе каза болгон өспүрүмдүн окуясынан кийин Ош облусундагы диний окуу жайлардын жетекчилерине чукул жыйын өткөрүлдү. Анда диний окуу жайларда мыйзам талаптарынын аткарылуусун камсыздоо, ички тартиптерин көзөмөлдөөнү күчөтүү, коопсуздук боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча бир канча тапшырмалар берилгенин Муфтияттан кабарлашты.

Ага ылайык:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Муфтияттын уставдарына ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү;
  • диний окуу жайлардын ички-сырткы тазалыгын камсыз кылуу;
  • диний окуу жайларга видео байкоочу камераларды орнотуу;
  • окуу сапатын арттыруу;
  • Муфтият тарабынан тарабынан берилген бирдиктүү тайпалык журналдардын колдонулушун көзөмөлдөө;
  • диний окуу жайларда ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо.

Жыйынга катышкан облус аймагындагы ислам институттарынын, медреселердин жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамдын чегинде иш алып баруу, студенттердин тиешелүү документтерин толуктоо жана сабактан тышкары убактарда көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүлдү.

Ошондой эле жогоруда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча жакынкы күндөрдө облус аймагындагы жалпы диний окуу жайлар үчүн атайын мониторинг өткөрүлө тургандыгы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17612