Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 7-8-октябрда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, мамлекет башчы 8-октябрь күнү кечинде Бишкекке келди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өттү, анын жыйынтыгы боюнча шериктештикке катышуучу-мамлекеттердин башчылары тарабынан КМШ алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөлөрдүн лидерлеринин көңүлүн Кыргызстан эл аралык логистиканы кайра форматтоо жана жакынкы жана салттуу өнөктөштөр менен экономикалык өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү моделдерин түзүү процесси менен жаңы реалдуулуктарга жигердүү ыңгайлашып жаткандыгына бурду. Мамлекет башчысы Кыргызстан мындан ары да КМШ алкагында кызматташтыкты жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү колдой турганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17614