Бабановдун демөөрчүлүгү менен Германияда "Кыргыз кызы" айкели орнотулду
RU

Бабановдун демөөрчүлүгү менен Германияда "Кыргыз кызы" айкели орнотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Германиянын Эрфруд шаарында "Кыргыз кызы" скульптурасынын ачылыш аземи болду. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдиргендей, салтанат 8-октябрда өттү.

Элчинин айтымында, скульптура кыргыз жаштарынын Германияда билим жана тажрыйба алууга умтулуусунун символу болуп калды.

Иш-чарага Тюрингиянын премьер-министри Бодо Рамелов, Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус, "Кыргыз кызы" скульптурасын негизги демөөрчүсү Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов, Тюрингиянын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү, Тюрингиянын ишкерлери, Кыргызстандан келген ишке орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү, студенттер жана Тюрингиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, катышышты", - дейт Текебаев.

Тюрингиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан иш-чаранын коноуторуна чакан концерт уюштурулуп, анда улуттук аспаптарда кыргыздын элдик ыр-күүлөрү жаңырып, келген конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17615